Баалоо бул эмне
Соңку жаңыртуулар 24 May 2025
Баалоо — колдонуучулар кызматыңызды кантип баалаганын көрсөтөт. Алар 1 баштап 5 чейин бааларды коюшат, анан биз төмөндө айтып берген формула боюнча орточо бал эсептелинет.
Буйрутмаларга батынуу баалоого көз каранды. Биз, колдонуучулар сервистин сапатына ыраазы болууну каалайбыз, ошондуктан баалоосу жогорураак жеткирүүчүлөр өйдөлүктүн кошумча баллдарын жана көбүрөөк буйрутмаларды алышат.
Баалоо кантип эсептелинет
Баалоо акыркы 150 баалону эске алат. Канчалык баа «жаңы» болсо, ошончолук анын баалоого таасири көп.
Эгерде акыркы баа төмөн болсо, баалоону оңдосо болот— ал үчүн көбүрөөк буйрутмаларды аткарып, алар үчүн жогору бааларды алыш керек.
Баалоо күндө бир жаңыртылат.
Баалоого кантип көз салыш керек
Баалоону профилден көрсө болот. Ал үчүн, Яндекс Pro-нун башкы экрандын башына келтирилген оң баскычын басыңыз. Атыңыздын астында оң жагынан баалоону көрөсүз.
Эгерде баалоо ылдыйлай баштаса, Яндекс Pro-го билдирүү келет.
Баалоо кайсы себептен ылдыйлашы мүмкүн?
Колдонуучулар, жеткирүүчү буйрутмаларды кантип аткарганына нааразы болушса, баалоо ылдыйлайт. Мисалы, ал эгерде:
«Эшиктен эшикке чейин» талабы бар буйрутмада жөнөтмөнү эшике чейин жеткирген эмес, ошентип колдонуучу өзүнө жеткирүүчүгө басууга туура келди;
«Ордунда», «Алууну ырастоо», «Тапшырууну ырастоо» абалды айтылган учурдан мурда күйгүзгөн;
колдонуучулардын телефонун алган эмес;
буйрутманы көпкө чейин жеткирип жүрдү;
орой сөз айтты.
Баалоону кантип көтөрсө болот?
Колдонуучулар, жеткирүүчү убагында буйрутманы жеткирип, сыйда-сыпаа, улаган сөздө каалоолорду аткарса, колдонуучулар демейде жакшы бааны коет.
Жогорку баалоолорду алайын десеңиз, бир нече кеңештер булар:
Учурашып, кош айканды унутпай жүрүңүз.
Колдонуучуларга сылык түрдө кайрылыңыз.
Жылмайыңыз — маанайыңыз жасаган жалпы таасирдин бөлүгү.
Буйрутмаларды улаган сөздү окуп, аларды аткарууга тырышыңызз. Эгерде «Эшикти шыңгыратпоо» делинсе, тыкылдатыңыз — батирде уктаган жаш бала шыңгыроодон ойгонушу мүмкүн.
Жаныңызда накта акча кармап жүрүңүз.
Телефон зарядын жоготпогонуна көз салып жүрүңүз.
Тыкан кийиниңиз — спорттук же кумжээк үчүн ылайык кийимди кийбеңиз.
Ар кандай кепти салуунун же буйрутмага тиешеси жок нерсе жөнүндө сөздү улагандын кереги жок. Андайда сиз убакытты да жоготпой, кокус чыккан жаңжалдан да сактанасыз.
Кардардан жогору бааны коюуну сурабаңыз. Эгерде сиз баарын ойдогудай кылсаңыз, колдонуучу өзү деле аны коюуга каршы болбойт.
Кандай баалоо буйрутмаларга батынууну жоголбошуна шарт болот?
Жеткирүүчүлөр, анын баалоосу 4.8 баштап 5 чейин болсо, буйрутмаларды алышат. Эгерде баалоо 4.8 ылдый түшсө — буйрутмаларга батынуу чектелип, жеткирүүчүнүн тарифи өчүрүлөт.
Эгерде сервиске батынуу төмөн баалоо үчүн чектелген болсо, буйрутмаларды алууну улантуу үчүн, тарифти кайраган күйгүзүү керек. Бул үчүн:
Яндекс Pro-нун профилинде «Тарифтерге» кирип, керектүү тарифтин жанында которгучту которуңуз,
машыгууну карап чыгыңыз,
сынактан өтүңүз.
Эгерде сиз сынактан ийгиликтүү өтсөңүз, 6 айга убактылуу батынуу ачылат. Ал убактын ичинде 150 буйрутма аткарып, баалоону 4.85 чейин көтөрүш керек.
Эгерде, бул учурда баалоо ылдыйлаганды токтотпой, 4.7 төмөн түшсө, буйрутмаларга убактылуу батынуу кайрадан чектелип, жабылат. Батынууну жарым жылда калыбына келтирсе болот.
Эгерден сиз сынактан өтпөсөңүз, буйрутмаларга батынуу жарым жылга жабылат.