Бир жөнөтүүчү жана бир алуучу бар буйрутмалар кантип аткарылат
Соңку жаңыртуулар 24 May 2025
«Жеткирүүчү» жана «Жеткирүү» тарифтерде интернет-дүкөндөн сатып алууларды жана Яндекс Go колдонуучулардын буйрутмаларын жеткирүүгө туура келет: алар унутулган буюмдар, документтер, ачкычтар, белектер болушат. Дагы да ресторандардан жана азык-түлүк дүкөндөрдөн тамак-ашты жеткирсе болот — ал үчүн термо-кутунун пайдасы тийет.
Буйрутмалар кантип орундалат, кайсы нерселерди жеткирүүгө болбойт жана кыйын абалда эмне кылыш керек тууралуу калганын айтып беребиз.
Буйрутмалар кантип аткарылат
Бардык буйрутмалар Яндекс Pro жаратмасына түшүшөт. Сиз линияга чыкканда, ал сизге эң жакынкы буйрутманы издеп, таап аны сунуш кылат — аны кабыл алыңыз.
Андан нары эмне кылыш керек: А чекитине, башкача айтканда жөнөтүүчүгө чейин жетип, буйрутманы алып, Б чекиттеги алуучуга барып, буйрутманы тапшырыш керек.
Яндекс Pro-до бир нече жөнөтүүчүлөр жана алуучулар бар буйрутмалары болушу мүмкүн — алар жөнүндө өзгөчө макалада окуса болот.
Буйрутманын талаптары. Буйрутманын картасында сүрөттөөгө көңүл буруңуз. Анда «Эшиктен эшикке чейин» талабы болушу мүмкүн. Ал, буйрутманы жөнөтүүчү батирдин же кеңсенин эшигинен алып жана алуучунун батирдин же кеңсенин эшигине чейин жеткириш керек мааниде айтылат.
Буйрутманы улаган сөз. Анда колдонуучулардын так дареги жана каалоолор көрсөтүлүшү мүмкүн.
Буйрутманын абалдары. Колдонуучулардын сизди каякта болгонуңузду билүүгө, абал баскычын убагында басуу маанилүү: «Ордунда», «Алууну ырастоо», «Тапшырууну ырастоо». Буйрутманы алуучуга бергичекте «Тапшырууну ырастоо» абалды баспаңыз — анда анын менен байланыш жоголуп, аны менен байланыша калбайсыз.
Эгерде, эмне кылуу керек
Жөнөтүүчү байланышка чыкпаса
10 мүнөтчө күтүңүз. Ал убактын ичинде жөнөтүүчүгө жок дегенде 3 жолу чалыңыз. Буйрутманы, «Жокко чыгаруу» баскычын басып, жокко чыгарыңыз.
Алуучу байланышка чыкпаса
10 мүнөтчө күтүңүз. Ал убактын ичинде алуучуга жок дегенде 3 жолу чалыңыз. Үч алынбаган чалуулардан кийин «Кайтаруу» баскычы пайда болот. Аны басыңыз. Эгерде баскыч пайда болбсо — колдоо кызматына жазып, көрсөтмөлөрдү аткарыңыз.
Жөнөтүүчүгө чалып, аны буйрутманы кайта алгысы барбы, сураңыз. Ооба десе — буйрутманы жөнөтүүчүгө алып барыңыз. Нарк кайтарууну эсепке алып, автоматтуу түрдө кайра эсептелинет.
Эгерде жөнөтүүчүгө байланыша албай, буйрутманы кайтарууга жетишпесеңиз, колдоого кайрылыңыз — эмне кылышты керекти айтып беришет.
Көрсөтмөлөр белгилебегендей, иш тескери кеткен абалдар көп. Алар жөнүндө «Буйрутмаларда чыккан күтүлбөгөн учурлар» макаласында окуса болот.
Буйрутманы улаган сөздүн мааниси эмнеде
Колдонуучулар улаган сөздө маанилүү нерселерди жазышат: мисалы, домофондун коду, пропускка буйрутма керекпи, кайсы жол менен өтүү болот. Кээ бир учурларда алар каалоолорду да калтырышат — аларды аткарууга аракет кылыңыз. Мисалы, эгерде «Эшикти шыңгартпаңыз» жазылса, такылдатыңыз — үйдө кичинекей бала укташы мүмкүн.
Буйрутмаларда эмнеге тыюу салынат
Колдонуучулар жана Яндекс Доставканын адистери менен орой сөзгө өтүү.
Чатактарды чыгаруу.
Жөнөтүүчүдөн буйрутманы жокко чыгарууну же Яндекс Pro-дон кыялап жеткирүүнү суроо.
Колдонуучуну жеткирүү үчүн «бешти» коюуну суроо.
Колдонуучудан, Яндекс Pro жаратмасында көрсөтүлгөндөн көбүрөөк акча суроо.
Буйрутмага, термо-куту бар жана Яндекс Pro-до фото-көзөмөл өтүлдү деген белги коюлса, термо-кутуну албай келүү.
Буйрутмаларды ачып же бузуу. Эгерде буйрутма тапшыруу учурда эле бузулган болсо, жөнөтүүчүнүн көзүнчө бузулган жерди сүрөткө тартыңыз. Маанилүү: кадрга анын жүзү кирбеши керек.
Буйрутмалардын ичиндегисин ээлеп алуу.
Башка бирөөнүн профили аркылуу буйрутмаларды аткаруу же аккаунтту башка жеткирүүчүгө өткөрүү.
Жөнөтүүчүнүн же алуучунун колдомолорун жеке максаттары менен колдонуу — буйрутмадан тышкары колдонуучуларга жазып, чалуу кылбаңыз.
Линияга ичип алып чыгуу.
Яндекс Доставка кызматы карата кара ниет иш-аракеттерди жасоо.
Эмнени жеткирүү болбойт
Айбанаттар;
акча менен зергер буюмдар;
куралдар, баңги зат жана Кыргызстандын аймагында аларга айланууга тыюу салынган же чектелген башка нерселер;
коркунучтуу заттар (бириндеткен тизме менен таанышып алыңыз);
биологиялык материалдар, мисалы, кан;
рецепт боюнча берилген медициналык препараттар;
атайын таңгактоосу жок морт буюмдар жана ачык идиштеги суюктуктар;
тамак-аш жана жеткирүүнүн атайын шарттарын талап кылган буюмдар — эгерде сизде термо-куту жок болсо;
термо-кутуну жана авто-унаанын ичин кирдете же ага зыян келтире турган буюмдар.
Буйрутмада бул тизмеден бир нерсесин камтылганын билсеңиз, жеткирүүдөн баш тартып, колдоого кызматына билдириңиз.