«Жүк ташуучу» тарифтеги кызматтын стандарттары
Соңку жаңыртуулар 24 May 2025
Сервистин стандарттары — бул «Жүк ташуучу» айдоочулар үчүн эрежелер. Эгерде ал эрежелер сакталса, колдонуучулар сизге көбүрөөк жогорку бааларды коюшат. Стандарттарын бузуу үчүн буйрутмаларга батынуу чектелиши мүмкүн.
Колдонуучуларга көрсөткөн мамилеңиз
Сыпаа-сыйда болуңуз: учурашып, кош айтканды унутпаңыз, колдонуучуларга «сиз» деп жүрүңүз.
Жылмайыңыз — маанайыңыз жасаган жалпы таасирдин бөлүгү.
Буйрутмада улаган сөздү окуп, аларды аткарыңыз. Мисалы, өндүрүш зонада керектүү кире беришти кантип табуу керектиги тууралуу айтылышы мүмкүн.
Ар кандай кепти салуунун же буйрутмага тиешеси жок нерсе жөнүндө сөздү улагандын кереги жок. Андайда сиз убакытты да жоготпой, кокус чыккан жаңжалдан да сактанасыз.
Жогору бааны коюуну сурабаңыз. Эгерде сиз баарын ойдогудай кылсаңыз, колдонуучу өзү деле аны коюуга каршы болбойт.
Кантип кийиниш керек
Сизге ыңгайлуу кийимди кийип буйрутмаларды аткарса болот — формага шарт жок.
Ошондой болсо да, сиз спорттук же куумжээктин кийимин, жеңи жок майканы, тапочка же сланцы кийбегениңиз артык. Бул кесипкөйлүккө жатпайт, колдонуучулар сизге төмөн бааларды коюшу мүмкүн, ошентип баалооңуз ылдыйлайт.
Жаныңызга эмнени алсаңыз болот
Сизге кереги тийиш мүмкүн нерселер:
ортодогу эсеп-кысап үчүн накталай акча;
телефон үчүн заряддочу түзмөк;
паспорт — айрым учурда, кампага же башка аймакка пропускту жасаттыруу үчүн керек болот;
жүктү бекитүү үчүн курлар;
чүпөрөк, швабра — кузов кирдеп калган учурда керек;
буюмдар кузовдун таманы боюнча сыйгалабас үчүн кузовдун өлчөмү боюнча таза төшөм.
Буйрутмада өзүңүздү кантип алып жүрүшүңүз керек
Буйрутманы кабыл алгандан кийин, дароо жөнөтүүчү көздөй барыңыз.
Эгерде колдонуучу каттамды өзгөрткүсү келсе, аны жаратма аркылуу аяккы чекити өзгөртүүнү сураңыз.
Жүк бөлүгүн таза жана бош кармаңыз.
Жүктү бекитүү үчүн кур-байлагычтарды алып жүрүңүз.
Жок дегенде бир жүргүнчүнүн ордун бош бойдон калтырыңыз.
Эгерде сизде «Жүк ташуучу» тандоосу күйгүзүлгөн болсо, машинаны жүктөөгө же жүктү түшүрүүгө даяр болуңуз, же жүк ташуучуну таап алыңыз.
Авто-унаа тууралуу маалыматты туура көрсөтүңүз. Түрү, модели, мамномери, чоңдугу так Яндекс Pro-дон көрсөтүлгөндөй болуш керек.
Сервис боюнча эмнеге тыюу салынат
Колдонуучулар жана Яндекс Доставканын кызматчылары менен орой сөзгө өтүү.
Чатактарды чыгаруу.
Жөнөтүүчүдөн буйрутманы жокко чыгарууну же Яндекс Pro-дон кыялап жеткирүүнү суроо
Колдонуучуну жеткирүү үчүн «бешти» коюуну суроо.
Колдонуучудан, Яндекс Pro жаратмасында көрсөтүлгөндөн көбүрөөк акча суроо.
Таңгактоону ачып же бузуу. Эгерде таңгактоо башынан бузулган болсо, жөнөтүүчүнүн көзүнчө бузулган жерин фотого тартыңыз.
Буйрутмаларды ээлеп коюу.
Башка бирөөнүн профили аркылуу буйрутмаларды аткаруу же аккаунтту башка айдоочуга өткөрүү.
Жөнөтүүчүнүн же алуучунун колдомолорун жеке максаттары менен колдонуу — буйрутмадан тышкары колдонуучуларга жазып, чалуу кылбаңыз.
Линияга ичип алып чыгуу.
Яндекс Доставка кызматы карата кара ниет иш-аракеттерди жасоо.
Керектүү дарек боюнча келе электе «Ордунда» баскычын басуу. Кузовдун кир ичи менен буйрутмаларды аткаруу — буйрутмаларга киришүү алдында тазалыкты орнотуңуз.
Жүктү коштогон колдонуучуну салып кетүүдөн баш тартуу.
Эмнелерди ташууга болбойт
Тиричилик жана курулуш таштандыны.
Унаага толугу менен батпаган буюмдарды.
Атайын транспорттоону талап кылган буюмдарды: сейфтерди, машыктыргычтарды, пианино, көөнө буюмдарды, аквариумдарды.
Мыйзам тыюу салган нерселерди. Мисалы, акча менен зергер буюмдарды, куралды, баңги затты, айбандарды.
Элди кузовго салып ташуу.
Эгерде бул тизмедеги бир нерсени жеткирүүнү сурашса, жеткирүүдөн баш тартып, колдоо кызматына билдириңиз.