Слотторду автоматтык түрдө тандоо
Соңку жаңыртуулар
1 Mar 2024
Система тандалган локацияларда ыңгайлуу слотторду тандап, расписание түзүүгө жардам берет.
Слотторду Яндекс Про колдонмосунда мурдагыдай эле өзүңүз да тандай аласыз 😎
Ал кантип иштейт
Колдонмодо кайсы күнү жана кайсы убакта, кайсы локацияларда жеткиргиңиз келерин алдын ала көрсөтүңүз. Система муну эсепке алып, кийинки жумада сиз үчүн ыңгайлуу слотторду табууга аракет кылат.
Эгер тапса, алар ишемби күнү «Расписаниеде» көрүнөт (болбосо, аларды мурдагыдай эле өзүңүз тандай аласыз). Слотто минималдуу төлөм көрүнөт, анткени жумадагы суроо-талаптын көлөмү алдын ала болжолдуу аныкталат.
Варианттардын санын көбөйтүү үчүн көбүрөөк локацияларды жана кененирээк убакыт аралыктарын көрсөтүүгө аракет кылыңыз. Система ошол эле параметрлерди ар дайым колдонсун десеңиз, «Тандоолорду автоматтык түрдө узартуу» функциясын иштетиңиз.
Маанилүү: слотторду каалоолор боюнча жокко чыгаруу үчүн кадимкидей эле эрежелер колдонулат. Слотторду өз алдынча тандоо мүмкүндүгү да сакталат.
ℹ Бейшемби күнү саат 23:59 чейин толтурулган каалоолор гана эсептке алынат.
Ырахаттанып колдонуңуз! Бир нерсе ойдогудай болбосо, колдоо көрсөтүү кызматына кайрылыңыз: Профиль → Колдоо көрсөтүү → Колдоо көрсөтүү кызматына жазуу → Техникалык маселелер.