Киреше салыгын жана социалдык төлөмдөрдү качан жана кантип төлөө керек
Соңку жаңыртуулар 1 Sep 2025
2025- жылдын 1-сентябрдан тартып Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөргө ылайык, маалыматтык платформа аркылуу курьерлик жеткирүү кызматтарын көрсөтүүдөн киреше алган жарандар үчүн киреше салыгынын (1%) жана социалдык төлөмдөрдүн (1%) төмөндөтүлгөн чени киргизилет.
Мындай милдеттүү төлөмдөр боюнча Яндекс салык агенти болуп эсептелет. Бул деген — «Яндекс Еда» кызматы аркылуу буйрутма аткарган айдоочулардын кирешсинен 2% өлчөмүндө киреше салыгын жана социалдык төлөмдөрдү кармап калып, мамлекеттик бюджетке которот.
Яндекс Про аркылуу буйрутмалардан салык кантип төлөнөт
Бул автоматтык түрдө жүргүзүлөт — ар бир буйрутмадан түшкөн кирешеден 2% кармалып калат. Бул бардык төлөм түрлөрүнө тиешелүү: накталай да, карта аркылуу да. Эсептен чыгаруу сиздин Яндекс Про балансыңызда чагылдырылат.
Кызмат кармаган суммаларды Кыргыз Республикасынын Салык комитетине кийинки айдын 15-нен 20-на чейин өткөрүп берет (мисалы, сентябрь үчүн — 20-октябрга чейин). Салык төлөнгөнү тууралуу билдирүү Яндекс Про чатында чыгат.
Салык кармалуусун кайдан көзөмөлдөсө болот
Бардык суммалар Яндекс Про → Апталык билдирме бөлүмүндө көрүнөт. Сиз кармалган салыктарды күнүнө, жумасына же айына карап байкай алабыз.