Кардарлардын накталай буйрутмалары
Соңку жаңыртуулар
28 May 2024
Сервисте накталай эмес төлөмдөргө караганда, накталай буйрутмалар көп.
Эгер мүмкүн болушунча көп буйрутмаларды жеткирүү жана кирешени көбөйткүңүз келсе, профильдеги балансты толуктаңыз.
Кантип иштейт
Кардарлардан накталай акча менен буйрутмаларды алуу үчүн, сиз оң баланска ээ болушуңуз керек. Балансты толуктоого сунушталган суммасы 4500 KGS жогору. Бул беш буйрутманы жеткирүү үчүн болжолдуу сумма. Ошондой эле, кардарга сдачисин берүү үчүн, накталай 2000 KGS жогору акчаны алып жүрүүнү сунуштайбыз. Буйрутманы кабыл алууда, анын наркы баланстан алынып салынат. Бул акчаны сиз кардардан аласыз.
Мындай буйрутманы кантип аткаруу керек
Буйрутманы кабыл алыңыз. Анын наркы балансыңыздан алынат.
Буйрутманы алыңыз.
Аны кардарга жеткириңиз.
Кардар менен эсептешесиз. Керек болсо- сдачасын бериңиз.
Кардардан акча алгандан кийин гана, буйрутманы тапшырыңыз.
Балансты кантип толтурууга болот
Кызматташтык токтотулганда, акча каражаттары 7 күндүн ичинде кайтарылып берилет. Баланстын акча каражаттарынын калдыгын алуу үчүн, курьердик борборго термосумканы тапшыруу керек.
Баланстан акча чыгаруу
Сиз нактамат аркылуу баланстан акча чыгара аласыз. Нактамат — кызматтарды төлөө үчүн жана «O! Деньги» капчыгынан акча каражаттарын чыгаруу үчүн иштелип чыккан.
Акчаны кантип алуу керек:
1. «О! Деньги накта акча алуу» опциясын тандаңыз.
2. Сизге керектүү сумманы жазыңыз.
3. «Мой О!» тиркемесин колдонуп, терминал экранында пайда болгон QR-кодун сканерлеңиз.
4. Өтүнмөнүн ишин ырастаңыз жана накталай акча алыңыз.