Брендинг стандарттары
Соңку жаңыртуулар
3 Oct 2024
Автоунаа брендинг үчүн буйрутмаларды бөлүштүрүүдө баллдарды жана башка бонустарды алышы үчүн ал төмөнкү эрежелерге жооп бериш керек:
1. Автоунаанын кузовунда чоң зыян көргөн жерлери болбосун
Брендинг үчүн билинер-билинбес зыян көргөн — мисалы, бир аз эле чийилген жерлери бар автоунаалар гана жарайт.
Кузовдун зыян келтирилген жери чаптама чапталуучу жерге тийбеш керек.
Эски чаптамалардын издери, чоң жаракалар, жанчылган-урулган жерлери болгон автоунаалар чапталбайт.
Кузовдун ар башка түстөгү бөлүктөрү (эшиктер, бамперлер, ж. б.) болгон, сыр-боёк каптамасы күнгө күйүп же сыйрылып калган автоунаалар брендинг үчүн жарабайт.
2. Багажниктин арткы бөлүгү жана арткы бамперден тышкары, автоунаанын кузовунда бөтөн жарнамалар жана чаптамалар болбосун
Бөтөн чаптамалар жөнүндө кененирээк — төмөндө.
«Тикенектер», «Дүлөй айдоочу» чаптамалары, тариф шарттары жазылган тактайча, ошондой эле, бет кап жана кол кап кийүүгө чакырган белгилер чектелбейт.
3. Чаптамалардагы элементтердин эңкейүү бурчтары, текшилөө, чегинүүлөр сакталган, бардык элементтер өз ордуларында жана зыян келтирилген эмес (мисалы, айрыктар жок)
Эгер сиз турган шаарда арткы терезенин чапталышы милдеттүү болсо, ал да нускамага ылайык брендделиши зарыл.
Чаптама чаптоо эрежелери жөнүндө кененирээк нускамада окуп алса болот.