Персоналдык идентификациялык номерди (ПИН) кантип алыш керек
Соңку жаңыртуулар 17 Sep 2025
Кызматташтыкты улантуу үчүн айдоочулар жана курьерлер персоналдык идентификациялык номерди (ПИН) алышы керек.
ПИНди өз таксопаркыңызга 2025-жылдын 15-сентябрына чейин бериш керек — ансыз буйрутмалар берилбей калышы ыктымал.
ПИН эмне үчүн керек?
Яндекс Про аркылуу буйрутма аткарган айдоочулар менен курьерлерден 2% өлчөмүндө мамлекеттик бюджетке төлөнө турган киреше салыгын жана социалдык төгүмдөрүн ПИНсиз туура кармап калуу мүмкүн болбой калат.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексиндеги өзгөртүүлөр 2025-жылдын 1-сентябынан тарта күчүнө кирет.
Чет өлкөлүк жаран ПИНди кантип алышы керек:
Адамдын ким экендигин күбөлөндүрүүчү документти даярдаңыз — чет өлкөлүк паспорт, жарандыгы жок адамдын күбөлүгү, кайрылман күбөлүгү же качкын күбөлүгү жарайт.
Эгер туруктуу каттоосу жок болсо, анда убактылуу каттоо керек болот — аны жакынкы Калкты тейлөө борборуна барып, же калкты каттоо органынын сайтында тапшырса болот
Жакынкы Калкты тейлөө борборуна барыңыз.
Ал жерде сизге арыз берилет — аны толтуруңуз.
ПИН алыңыз (кайрылган күнү берилет), аны таксопаркыңызга бериңиз.
Кыргыз жарандарынын ПИН алуу жолу:
Жакынкы Калкты тейлөө борборуна барыңыз.
ПИН алыңыз (кайрылган күнү берилет), аны таксопаркыңызга бериңиз.