Бонус жана кепилдиктер менен кирешени кантип көбөйтсө болот
Соңку жаңыртуулар 23 Mar 2026
Яндекс Такси менен аткарылган сапарлар көбүрөөк киреше алып келиши үчүн Яндекс Про картасындагы бонустардын күн тартибине көз салып туруңуз.
Күн тартиби бонустарды линияда көп саат иштегендер да, күнүнө бир нече буйрутманы аткаргандар да ала тургандай кылып түзүлгөн.
❗️Бонустарды алыш үчүн төмөнкүлөрдү аткарыш керек:
Активдүүлүктү керектүү деңгээлде кармап туруңуз;
бонус иштеген тарифтерде сапар убактысы эки мүнөттөн узагыраак болгон буйрутмаларды аткарыңыз.
Сапар убактысы сиз жаңы буйрутманы алганда эмес, «Жолдо» баскычын басканыңыздан кийин эсептеле баштайт.
Ошондой эле, бонус буйрутма алынып жаткан маалда иштеп турушу керек.
Яндекс Продо сиз турган шаарда бонус алуу шарттарын толук карап чыкса болот. Ал үчүн картасы бар башкы экрандагы«Бонустар» баскычын басыңыз. Эгер шаарда азыркы учурда эч кандай бонус иштебесе, мындай баскыч жок болот.
Көңүл буруңуз, бонустардан комиссия алынат.
Буйрутмаларды текшерүүчү автоматтык алгоритмдер сервисте иштөө эрежелери бузулганын аныктаса, бонустар берилбейт, мисалы:
буйрутмаларды жокко чыгаруулар көп болгондо же «Б» пунктуна чейин бир топ алыс жерде эле буйрутма аякталганда;
жалган буйрутмалар;
сапарлардан баш тартылганда.
«Минималдык киреше»
Линияга үзгүлтүксүз чыгып турсаңыз, «Минималдык киреше» бонусу менен пайда тапса болот. Бул бонус сизге 24 саат ичинде эң аз канча акча иштеп таба аларыңызды билдирет.
Баары оңой: 24 саатта белгилүү сандагы буйрутманы аткарыңыз — ошондо Яндекс Продогу баланска көрсөтүлгөн минималдык суммадан кем эмес акча келип түшөт.
Мисалы, шаарда мындай бонус иштейт: 4 буйрутма үчүн 700 сомдон кем эмес. Сиз сапар акысы 100 сомду түзгөн 4 буйрутманы аткардыңыз. Бонуссуз 400 сом алмаксыз (комиссия алынышына чейин). Бирок, бонус иштегенде бул буйрутмалардын аткарылышы үчүн Яндекс Про балансына кошумча +300 сом берилет (ошондо, жалпы сумма 700 сомду түзөт)
«Минималдык киреше» бонусун эсептөөдө «Менин районум» режиминде аткарылган буйрутмалар эске алынбайт.
Бонус берилип жатканын кантип билсе болот?
Шаар ичиндеги бонустар
Линияга чыгуу графигин туура түзүү абдан маанилүү, мында сизге шаар ичи берилүүчү бонустар жардам берет.
Алар белгилүү райондордо ырааттама боюнча иштейт. Эгер сапар акысы бонустан азыраак чыгып калса, айырма Яндекс Про балансына келип түшөт.
Бонус алуу үчүн төмөнкүлөрдү аткарыш керек:
Активдүүлүктү керектүү деңгээлде кармап туруңуз;
Бонус иштеп жатканда Яндекс Про картасында көк түс менен белгиленген райондо жайгашып, буйрутманы кабыл алыңыз.
Сапардын баштапкы же соңку чекити көк аймактын тышында болушу мүмкүн — бонус баары бир иштей берет. Эң башкысы сиз буйрутманы алып жатканда, көк аймактын ичинде болушуңуз керек.
«Менин районум» жана «Жумуштар боюнча» режимдеринде аткарылган буйрутмалар үчүн бонустарды алуу мүмкүн эмес.
Күн тартибин кантип билсе болот?
Персоналдык бонус
Кээде система каалаган бир айдоочуга персоналдык бонус сунуштайт. Мындай бонустун шарттары ар ким үчүн ар башкача болот, бирок иштөө механизми бирдей: көрсөтүлгөн убакыт ичинде белгиленген сандагы буйрутманы аткарыңыз — ошондо Яндекс Про балансына бонус аласыз.
Шаар ичинде жана бонус иштеген убакта, бардык тарифтер боюнча аткарылган буйрутмалардын баары эске алынат.

