Сүрөт жана видео тартууга жана коомдук жайылтууга макулдук
Соңку жаңыртуулар 25 May 2026
SaparTech KG LLC (204361-3300-ООО, мындан ары — «Компания») иш-чара учурунда коомчулукту иш-чара жөнүндө маалымдоо максатында (маркетинг максатында) сүрөт жана видео тартуусун жүргүзөт. Тартылган сүрөт жана видео материалдары, ошондой эле толук аты-жөнү ошол эле максатта Компаниянын жана Компаниянын өнөктөштөрүнүн социалдык тармактардагы расмий барактары жана Интернет сайттарында, анын ичинде массалык маалымат каражаттарында жайылтылат.
Сүрөт жана видео материалдары, толук аты-жөнү материалдар жарыяланган убакыт бою сакталат жана жеткиликтүү болуп калат, же бул макулдук кайтарылганга чейин.
Сиз Санариптик кодекстин III бөлүмүндө кепилденген укуктарды, анын ичинде берген макулдугуңузду каалаган убакта кайтарып алуу укугуңузду (Санариптик кодекстин 79-статьясынын 5-пункту) ишке ашыра аласыз. Макулдукту кайтарып алуу үчүн Компанияга төмөнкү электрондук почта дареги боюнча кайрылыңыз: data_privacy@yandex-team.com
Макулдук кайтарылган учурда Компания маалыматтарды кийинки иштетүүнү токтотот жана сүрөт/видео материалдарды жок кылат, эгер жеке маалыматтарды иштетүүнүн башка мыйзамдуу негизи болбосо.
Эскертүү: макулдукту кайтарып алуу макулдук берилгенге чейин жана ошол макулдук чегинде жүргүзүлгөн иштетүүнүн укуктук натыйжаларын жокко чыгарбайт.
Макулдук
Мен жеке маалыматтарым (сүрөт/видео сүрөт, толук аты-жөнү) менин макулдугума негизделип иштетилээрин ырастайм жана Компанияга төмөнкүлөргө макулдугумду берем: иш-чара учурунда менин сүрөт жана видео тартуусун жүргүзүү; менин сүрөт/видео материалдарымды Компаниянын жана Компаниянын өнөктөштөрүнүн социалдык тармактардагы расмий барактары жана Интернет сайттарында, анын ичинде массалык маалымат каражаттарында коомдук жайылтуу.