«Экономдогу» стандарттар
Соңку жаңыртуулар 17 Aug 2025
Жогорку баа алып, буйрутмалардын жеткилигин сакташ үчүн сервистин сапат стандарттарын сакташ керек.
«Эконом» тарифинде баары оңой. Бир нече жөнөкөй эрежени сактаңыз — ошондо блокко түшүп калбайсыз, ыраазы жүргүнчүлөр көбүрөөк чайпул калтырышат.
Эмне кылыш керек?
🚖Автоунаа
таза, кургак салон, жагымсыз жыттар жок;
коопсуздук курлары жана жаздыктары шайма-шай иштейт;
кузовдо зыян көргөн жерлери жок, фаралар, башка тетиктер — баары өз ордунда;
багажник таза, кеминде ¾ бөлүгү бош;
кузов жана босоголор таза;
жаан-чачын жок болсо, эшик туткалары таза жана кургак.
👑Айдоочу
рейтингди 4.5тен төмөн түшүрбөңүз. Рейтинг жөнүндө кененирээк өзүнчө макалада окуңуз;
кийими тыкан, тышкы көрүнүшү жыйнак;
жүргүнчү менен сылык-сыпаа сүйлөшөт;
буйрутмаларга сөзсүз келет, өтө зарыл болгон учурда гана аларды жокко чыгарат;
«Келдим» статусун жүргүнчүнү алып кетүү жерине келгенде гана коёт;
сапарды колдонмодо көрсөтүлгөн даректе аяктайт.
❌Төмөнкүлөргө тыюу салынат:
орой сөз айтуу, чыр чыгаруу;
сапарга тиешеси жок, жеке, саясий, диний, же башка мүнөздөгү темаларда сөз баштоо же маектешүү;
сапар алдында же учурунда машиненин ичинде тамеки чегүү;
жол кыймыл эрежелерин бузуу (мисалы, ылдамдыкты ашыруу, үзүгү жок жол чийинин кесип өтүү, светофордун тыюучу сигналына өтүп кетүү);
автоунааны жулкулдатып айдоо (мисалы, катуу ылдамданып, тык токтоо, бир тилкеден экинчи тилкеге олку-солку айдап жүрүү);
жүргүнчүдөн буйрутманы жокко чыгарууну же төлөө ыкмасын алмаштырууну сурануу;
жүргүнчүлөрдү же Яндекс Такси сервисин алдоо.