Бизнес тарифиндеги сервистин стандарттары
Соңку жаңыртуулар
26 Dec 2024
Премиум тарифте — жүргүнчүлөр катуу көңүл бурушат. Ошондуктан бул тарифте айдоочуга жана автоунаага эң чоң талаптар коюлат.
Бизнес тарифинде айдоочунун принциптери
⦁ Кичипейилдик жана камкордук. Сиз жүргүнчүнүн камын көрүүгө жана анын кошумча өтүнүчтөрүн аткарууга макул болууга даярсыз.
⦁ Оор басырыктуулук, токтоолук жана кебелбестик. Сиз баарына олуттуу жана сабырдуу мамиле кыла аласыз. Сизди көкүтүп, чырдашууга түртүп жатышса дагы, чырдашпоо колуңуздан келет. Сиз чыныгы кесипкөй катары талаштуу кырдаалдарда конструктивдүү иш жүргүзөсүз.
⦁ Жоопкерчилик жана кылдаттык. Жүргүнчүнүн коопсуздугу жана жайлуу комфорту сиздин колуңузда. Сиз жардам берүүгө даярсыз, бирок жардамыңызды таңуулабаңыз. Сиз купуялыкты такай сактайсыз — баары кардардын жана сервистин бейкуттугу үчүн
⦁ Кесипкөйлүк жана келишимдүүлүк. Колдонуучулар тарифке жеке сиздин салымыңыз менен гана кайтып келишет. Унааны кантип башкарганыңыз, тышкы көрүнүшүңүз, жолдогу бардык кишилерге кантип сый-урмат менен мамиле кылганыңыз — мунун баары, иштин ийне-жибине чейин ар бир жагдайы сизди кесипкөйлүгүңүз жөнүндө айтат.