Сапарга карата өзгөчө каалоолор
Соңку жаңыртуулар
12 Sep 2023
Эми ден соолугу боюнча өзгөчөлүктөрү бар жүргүнчүлөрдүн каалоолору буйрутманын карточкасында көрсөтүлөт. Сервисте жүргүнчү керектүү учурда тандаса боло турган опция бар — мисалы, жүргүнчүнүн көзү азиз жана ага машина издөөдө жардам керектелген учурда.
Эгер колдонуучу тигил же бул опцияны тандаса, айдоочу аны буйрутмага комментарий катары көрө алат.
«Көзү азиз же аз кыймылдуу адам — такси тапканга жардам бериңиз»
Жардам ар кандай жүргүнчүлөргө керектелип калышы мүмкүн. Мисалы, угуусу начар же көзү азиз колдонуучу машинанын номерин же түсүн көрө албайт, ага эшиктин туткасын табуу кыйын — ага көмөктөшүп коюу зарыл. Майып арабасындагы жүргүнчүгө дагы машинаны таап, жетип алыш үчүн жардам керектилиши мүмкүн.
Көзү начар көргөн адамды ак таягынан же кара көз айнегинен тааныса болот. Эгер жүргүнчү аны кайдан жана кантип тапса болорун жазган жок болсо, анда ага телефон чалыңыз. Андан ары мындайча кылыңыз:
Жүргүнчүгө мүмкүн болушунча жакын барып токтоңуз. Машинага келчү жол коопсуз, бийик тосмо же башка тоскоолдуктар жоктугун байкаңыз;
Эгер жүргүнчүнүн көзү көрбөсө, жанына келип саламдашып, акырын колуна тийип коюңуз. Машинага отурганга жардам керекпи-жокпу сураңыз: Саламатсызбы, мен таксинин айдоочусумун. Сизге машинага отурганга жардам керекпи?
Жүргүнчүгө машинага чейин жетип алууга жардам бериш үчүн колун сиздин ийиниңизге коюп алуусун сунуштаңыз — мында ага сизди ээрчип барганы оңой болот. Салондун эшигин белгилеп берүү үчүн адамды колунан кармап, эшиктин туткасына такап берсе болот.
Сапар аягына чыгардан мурда эки-үч мүнөт алдын ала келип калганыңарды айтып коюңуз.
Сапар аяктаганда кай жерге токтогонуңузду түшүндүрүп айтып бериңиз: айланада кандай багыттамалар бар экенин билдириңиз. Мисалы: Биз «Үй эмеректери» дүкөнүнүн жанына келдик. Сиз ушул жерден түшүшүңүз керек беле?
Эгер көзү азиз жүргүнчү нак акча менен төлөп жатса, сапардын акысын, кайра канча акча кайтарып берериңизди айтып коюуңуз.
Машинадан чыкканда тоскоолдуктар жоктугун карап, жардам сунуштаңыз.
Жүргүнчү салондо эч нерсесин унутуп кетпешин карап коюңуз.
«Кат менен гана сүйлөшөм»
Мындай опцияны тандаган жүргүнчүнүн угуусу начар же жакшы сүйлөй албашы мүмкүн. Ага буйрутманын чоо-жайын такташ үчүн чалып кереги жок — андан көрө сапар алдында чатка жазып койгон оң.
«Сүйлөй албайм, бирок угам»
Эгер колдонуучу ушундай опцияны тандаган болсо, балким, ал жакшы сүйлөй албашы мүмкүн. Анда жүргүнчү сурооңузду угуп, текст менен жооп берет.
«Майып арабасы менен болом»
Эгер жүргүнчү ушул поцияны тандаган болсо, комментарийде мындай текстти көрөсүз: «Майып арабасы менен болом. Машинага түшүүгө жардам керек, багажник бош болушу керек».
Майып арабасы менен жүргөн адамга шаарда жүрүү кыйын, машинага отуруу көбүрөөк убакытты алышы мүмкүн. Сапар өзүңүз жана жүргүнчү үчүн да жакшы өтүшү үчүн бир нече эрежени сактаңыз:
Майып арабасындагы адам машинага чейин коопсуз жана ыңгайлуу менен жетип алышы үчүн мүмкүн болушунча жакын келип токтоңуз;
Арабадан машинага отуруп, арабасын багажникке салып берүүнү сунуштаңыз. Адамды коштоп чыккан киши болушу мүмкүн, бирок ошентсе да жардам сунуштаган дурус;
Арабаны кантип туура салуу керектигин, мисалы, дөңгөлөктөрү кантип чечилерин сураңыз. Кээ бир майып арабалардын оор электр блогу бар — аны креслодон ажыратып, багажникке салуу керек.
Жүргүнчү машинага ыңгайлашып отурганын караңыз.
Сапардын аягында дагы жардам сунуштаңыз.
Кыймыл аракети кыйла бузулган кээ бир адамдарга сүйлөө да кыйынчылык жаратат. Алар сиз эмне деп жатканыңызды сопсонун түшүнгөнү менен жооп берүү кыйын. Бул учурда адам «Кат аркылуу сүйлөшөм» же «Сүйлөбөйм, бирок угам» опциясын тандай алат.
Креслону чогултуу боюнча нускама Яндек Про колдонмосунда бар → Профиль → Пайдалуу кеңештер.
Эгер майып арабасы багажникке батпай жатса, буйрутманы жокко чыгарып, колдоо кызматына жазыңыз.
Ден соолугу боюнча өзгөчөлүгү бар жүргүнчүлөр менен сапарга чыгуу тууралуу кененирээк бул макаладан окуңуз.