Ылдамдык мониторинги
Соңку жаңыртуулар
21 Aug 2023
Айдоочуларга ылдамдыктын туура режимин сактоого жана сапарларды коопсуз кылууга көмөктөшүш үчүн ылдымдыкка мониторинг жүргүзүү технологиясын киргиздик.
Бул кандайча иштейт?
Яндекс Про GPS маалыматтарынын жардамы менен автоунаанын ылдамдыгын эсептейт.
Маалыматтар жолдун бул бөлүгүндө ылдамдык чектөөлөрү жана транспорт агымынын ылдамдыгы менен салыштырылат.
Эгер айдоочу тилкеде коюлган ылдамдык чегин бир нече ирет ашса, же узак убакыт бою жогору кылып айдаган болсо, анда мында ылдамдык режимин бузуу орун алган болуп саналат.
Эреже бузуу аныкталса эмне болот?
Айдоочуга бул маселе тууралуу билдирүү жөнөтүлөт — оңолууга мүмкүнчүлүк болот.
Эгер кырдаал жакшы жакка алмашса — анда эң сонун, эгер антпесе — буйрутмаларды бөлүштүрүүдөгү приоритет 1 баллга төмөндөтүлөт.
Эгер айдоочу коюлган ылдамдыкты ашырууну улантса, приоритет 3 баллга төмөндөтүлөт.
Дагы бир жолу ылдамдык ашырылганда приоритет 5 баллга төмөндөйт.
Кийинки ылдамдыкты ашырууда айдоочуга буйрутмаларды алууга 24 сааттык чектөө коюлат.
Эреже бузуулар кайра орун алса, чектөө 7 күнгө чейин узарышы мүмкүн
Мониторинг жүргүзүү системасы кийинки буйрутмаларда ылдамдыктын жогорулашын каттоону токтоткондо, приоритеттин баллдары калыбына келтирилет.