Биз стандарттарга кантип көз салып турабыз: фотокөзөмөл
Соңку жаңыртуулар
30 Sep 2024
Фотокөзөмөл — бул документтерди же автоунааны аралыктан текшерүү, ал сизге буйрутмалардын жеткиликтүүлүгүн ачып же узартып берет.
Фотокөзөмөл бир жолку же маал-маалдуу болот
Бир жолку текшерүүдөн катталып жатканда өтүү керек. Экинчи жолу маалыматтарыңызды алмаштырганда гана өтүү керек.
Маал-маалдуу текшерүүдөн утур-утур өтүп туруу керек. Кийинки текшерүү качан экенин «Фотокөзөмөл» (селфини текшерүүдөн тышкары) бөлүмүнөн көрө аласыз. Текшерүүдөн жеткиликтүүлүктү жоготуп албастан алдын ала өтүп койсо болот.
Келерки фотокөзөмөл жөнүндө кантип билсе болот?
Эгер жеткиликтүүлүк же тарифтердин бир бөлүгү чектелүү болсо, анда «Диагностика» бөлүмүнөн маалыматты көрөсүз.
Бардык жеткиликтүү жана өтүлгөн текшерүүлөрдү «Фотокөзөмөл» бөлүмүнөн көрөсүз.
Текшерүүнүн жыйынтыктары жана жакындап калган маал-маалдуу фотокөзөмөл — «Эскертүүлөр» чатында.
Фотокөзөмөлдөн ийгиликтүү өтүш үчүн буларды эстен чыгарбаш керек:
КРдин аймагында сервистин буйрутмалары менен иштөөгө Кыргызстандын мамлекеттик каттоо номерине ээ болгон автоунааларга гана уруксат берилет.
Сервистин буйрутмалары менен иштөөгө кеминде 4 эшиги бар автоунааларга гана жол берилет.
Автоунаанын фотокөзөмөлү үчүн эч жакка баруунун кажети жок. Болгону машинаны даярдап, Яндекс Пронун жардамы менен аны сүрөткө тартуу жетиштүү — колдонмо ирети менен жол көрсөтүп берет.
Өз профилиңизде көрсөтүлгөн автоунааны гана сүрөткө түшүрсө болот.
Күн жарык кезде же жарык жакшы тийген жерде (СБнын паркингинде, ачык турукта, көчө жарыктарынын алдында) тартканга аракет кылыңыз. Эгер сүрөттөрдө салон же кузовдун элементтери көрүнбөсө же жакшы көрүнбөй калса, тартып жатканда жарк этмесин колдонуңуз.
Биз так көрүнбөгөн, каралжын же жарыгы көп болуп калган, сапаты төмөн, башка электрондук түзмөктөрдүн экранынан, колдонмолордон же эски сүрөттөрдүн үстүнөн тартылган, коррекция же ретушь болгон сүрөттөрдү кабыл албайбыз.
Эгер сизде брендинг же балдар отургучу бар болсо — аларга өзүнчө фотосессия керек.
Адатта машинанын жана документтердин фотокөзөмөлү 30 күндө бирөтөт. Эгер таксопарк маалыматтарды өзгөртсө, же болбосо сервистин сапатын жакшыртууга жардам берген кошумча текшерүү талап кылынса, система андан эртерээк өтүп коюуну деле суранышы мүмкүн.
Эгер фотокөзөмөлдөн өз убагында өтпөсө, буйрутмаларга жеткиликтүүлүк убактылуу жабылат. Ал текшерүү ийгиликтүү өткөндөн кийин калыбына келет.
Текшерүүнүн жыйынтыктары «Эскертүү» чатына келет. Ал жакта текшерүү эмне себептен өтпөй калганынын себеби көрсөтүлөт. Эскертүүлөрдү оңдоп, жаңы сүрөттөрдү жиберүү керек болот. Кээде сүрөттөрдүн бир бөлүгүн гана оңдоо керек болот. Текшерүүдөн кийин жеткиликтүүлүк дароо калыбына келет. Текшерүү 5-15 мүнөттү алат.
Яндекс Про колдонмосунда фотокөзөмөлдү кай жерден таап, текшерүүнү кантип иштетсе болот