Буйрутмаларды таратууда өйдөлүккө кантип жетсе болот
Соңку жаңыртуулар 24 May 2025
Өйдөлүк кандай артыкчылыкты бере алганы жана аны көтөрүүгө эмне кылыш керекти айтабыз.
Өйдөлүк кантип иштейт
Система буйрутмаларды автоматтуу түрдө таратат. Ал жеткирүүчүнү коюлган талаптар боюнча калчап, тандайт. Мисалы, термо-кутуну артынган жөө-жалаң жеткирүүчүнү издейт.
Эгерде, андай жеткирүүчүлөрдүн баарында бирдей өйдөлүк болсо, буйрутма А чекитине эң жакын жерден жете алганына берилет.
Эгерде жеткирүүчүлөрдүн бирөөндө өйдөлүгү жогорураак болсо — башка жеткирүүчүлөргө караганда, ал жөнөтүүчүдөн алысыраак болгону менен буйрутма ал алат.
Мисалы, колдонуучу жеткирүүгө буйрутма берет. Бир жеткирүүчү колдонуучудан 500 м аралыкта турат, бирок анын эч кандай өйдөлүгү жок, дейли. Башка жеткирүүчү бир аз алысыраак — 600 м болгону менен, анын өйдөлүгү бар. Буйрутманы экинчи жеткирүүчү алып калат.
Канчалык өйдөлүгүңүз жогору болсо — ошончолук сизге буйрутмалар тез түшөт.
Өйдөлүккө кантип жетсе болот
Өйдөлүк балл менен эсептелинет. Алар айрым шарттар орундалганы менен чегерилет. Баллдарды алуу үчүн, кайсы аракеттер маанилүү:
баалоону 4.95 жогору кармоо
Яндекстин термо-кутуга фото көзөмөлүнөн өтүү
унааны Яндекстин материалдары менен чаптоо
слотко чыгуу.
Өйдөлүктүн байкалган түрлөрү жана баллдардын саны аймагыңызга байланыштуу.
Өйдөлүгүңүздү кантип билсе болот
Өйдөлүктү Яндекс Pro-нун башкы экранынан көрсө болот. Ал үчүн башында оң жагынан тегерек баскычты басыңыз — калгандары менен экран ачылат. Эмне үчүн сизге баллдар берилгенин, жана аларды көбөйтүүгө эмне жасаса болот керектигин, көрөсүз.
Ар бир өйдөлүктүн шарттарын көрүүгө, анын аталышын басыңыз.
Яндекс Доставка сервиси ишин ылайыкташтырууга жана форс-мажор абалдарда өйдөлүктү тартуу шарттарын өзгөртүүгө укугу бар.