Жөө баскан жеткирүүчүлөр үчүн кызматтын стандарттары
Соңку жаңыртуулар 24 May 2025
Сервистин стандарттары — жеткирүүчүлөр сактоого тийиш болгон эрежелер. Эгерде ал эрежелер сакталса, колдонуучулар сизге көбүрөөк жогорку бааларды коюшат.
Колдонуучуларга көрсөткөн мамилеңиз
Сыпаа-сыйда болуңуз: учурашып, кош айтканды унутпаңыз, колдонуучуларга «сиз» деп жүрүңүз.
Жылмайыңыз — маанайыңыз жасаган жалпы таасирдин бөлүгү.
Буйрутмаларда улаган сөздү окуп, аларды аткарууга тырышыңызз. Эгерде «Эшикти шыңгыратпоо» делинсе, тыкылдатыңыз — батирде уктаган жаш бала, шыңгыроодон ойгонушу мүмкүн.
Ар кандай кепти салуунун же буйрутмага тиешеси жок нерсе жөнүндө сөздү улагандын кереги жок. Андайда сиз убакытты да жоготпой, кокус чыккан жаңжалдан да сактанасыз.
Жогору бааны коюуну сурабаңыз. Эгерде сиз баарын ойдогудай кылсаңыз, колдонуучу өзү деле аны коюуга каршы болбойт.
Кантип кийиниш керек
Буйрутманы кандай кийинип, аткарыш керекти өзүңүз чечесиз — милдеттүү формага талап жок.
Өзүңүзгө чак кийим менен бут кийимди тандаңыз.
Сизден спорттук же куумжээктин кийимин, жеңи жок майканы, тапочка же сланцы кийбегенди сурайбыз. Бул кесипкөйлүккө жатпайт, колдонуучулар сизге төмөн бааларды коюшу мүмкүн, ошентип баалооңуз ылдыйлайт.
Жаныңызга эмнени алсаңыз болот
Сизге кереги тийиш мүмкүн нерселер:
ортодогу эсеп-кысап үчүн накталай акча;
телефонду заряддоого тышкы аккумулятор;
термо-кутуңуз жок болсо, чакан буйрутмаларды салууну чыдаган бышык пакеттер;
паспорт же айдоочунун күбөлүгү — айрым бизнес-борборлорунда документсиз ичине киргизишпейт.
Жеке буюмдарыңыз үчүн рюкзак же белдеги баштык ылайык — алар менен колуңуз бош калат.
Эгерде сизде термо-куту болсо, тышында жеке буюмдар үчүн атайын чөнтөктөр болушу мүмкүн. Өзүңүздүн буюмдарын кутунун ичине салуу болбойт.
Буйрутмада өзүңүздү кантип алып жүрүшүңүз керек
Буйрутманы кабыл алгандан кийин, дароо жөнөтүүчү көздөй барыңыз.
Буйрутманы дайым жөнөтүүчү батири же кеңсеси эшигинен алып, алуучу батири же кеңеси эшигине чейин жеткиңиз.
Сервис боюнча эмнеге тыюу салынат
Колдонуучулар жана Яндекс Доставканын адистери менен орой сөзгө өтүү.
Чатактарды чыгаруу.
Жөнөтүүчүдөн буйрутманы жокко чыгарууну же Яндекс Pro-дон кыялап жеткирүүнү суроо
Колдонуучуну жеткирүү үчүн «бешти» коюуну суроо.
Колдонуучудан, Яндекс Pro жаратмасында көрсөтүлгөндөн көбүрөөк акча суроо.
Буйрутмага, термо-куту бар жана Яндекс Pro-до фото-көзөмөл өтүлдү деген белги коюлса, термо-кутуну албай келүү.
Буйрутмаларды ачып же бузуу. Эгерде буйрутма тапшыруу учурда эле бузулган болсо, жөнөтүүчүнүн көзүнчө бузулган жерди сүрөткө тартыңыз. Маанилүү: кадрга анын жүзү кирбеши керек.
Буйрутмалардын ичиндегисин ээлеп алуу.
Башка бирөөнүн профили аркылуу буйрутмаларды аткаруу же аккаунтту башка жеткирүүчүгө өткөрүү.
Жөнөтүүчүнүн же алуучунун колдомолорун жеке максаттары менен колдонуу — буйрутмадан тышкары колдонуучуларга жазып, чалуу кылбаңыз.
Линияга ичип алып чыгуу.
Яндекс Доставка кызматы карата кара ниет иш-аракеттерди жасоо.
Эмнени жеткирүү болбойт
Айбанаттар;
акча менен зергер буюмдар;
куралдар, баңги зат жана Кыргызстандын аймагында аларга айланууга тыюу салынган же чектелген башка нерселер;
коркунучтуу заттар (бириндеткен тизме менен таанышып алыңыз);
биологиялык материалдар, мисалы, кан;
рецепт боюнча берилген медициналык препараттар;
атайын таңгактоосу жок морт буюмдар жана ачык идиштеги суюктуктар;
тамак-аш жана жеткирүүнүн атайын шарттарын талап кылган буюмдар — эгерде сизде термо-куту жок болсо;
термо-кутуну кирдете же ага зыян келтире турган буюмдар.
Буйрутмада бул тизмеден бир нерсесин камтылганын билсеңиз, жеткирүүдөн баш тартып, колдоого кызматына билдириңиз.