«Жүк ташуучуда» жүк ташуучулар
Соңку жаңыртуулар 24 May 2025
Айрым буйрутмаларда жүк ташуучунун жардамы керек — аны менен буйрутмалардын наркы жогорулайт. Жүк ташуучунун милдети кандай, жүктөө чендери кандай болот, жана андай буйрутмаларды наркы кантип эсептелингенин айтып беребиз.
Жүк ташуучу бул ким
Жүк ташуучу деп, машинаны жүктөп жана жүктү түшүргөндү айтат. Жүк ташуучу катары айдоочу же башка адам боло алат.
Сервисте катталууда «Бир жүк ташуучу» тандоосу күйгүзүлөт — бул сиз өзүңүз. Эгерде сиз жүк ташуучу болгуңуз келбесе, сизде эки вариант бар. Биринчиси — парк-өнөктөштү, жүк ташуучу буйрутмаларды багыттоону токтотуу үчүн тандоону өчүрүп салуну суроо. Экинчиси — ордуңузга буйрутмаларды түшүргөн жүк ташуучуну табуу.
Айрым шаарларда «Эки жүк ташуучу» тандоосу байкалат: сиз шеригиңиз экөөлөп жүк ташуучу боло аласыз. Качан жүк ташуучулар табылганда гана тандоону күйгүзүңүз — күйгүзүлгөн тандоо менен жүк ташууга жараганы жок болсо, сизге буйрутмаларга батынуу чектелиниши мүмкүн.
Кандай болсо да, кабинада колдонуучу үчүн бир орун бош калышы керек.
Жүк ташуучу эмне кылыш керек
Жүк ташуучу машинаны жүктөп жана жүктү түшүрөт. Жүктү, жөнөтүүчүнүн босогосунан алып кетип, жеткиргенде — алуучунун босогунан нары түшүрүш керек. Жүктөп жатканда жүк ташуучу жүктү, аны зыян тартпагандай ташууга, жайгаштыруу жана бекитүү эрежелерин сакташ керек.
Мисалы, А чекитинде бир батирден олпок отургучту чыгарып, авто-унаага чейин алып барып, кузовго жүктөп, Б чекитине чейин кетет. Анда ал машинадан олпок отургучту түшүрүп, батирге чейин көтөрүп, ичине киргизет.
Эгерде лифти жок үй болсо, жүк ташуучу тепкич менен буйрутманы түшүрүп же керектүү этажга көтөрөт. Анда жүктөө менен түшүрүү алда канча көп убакыт алышы мүмкүн. Ал убакыт тариф боюнча төлөнөт. Калганын төмөндө айтып беребиз.
Кардарлар, жүк ташуучу жүктү алып баруудан, машинаны жүктөп жана түшүрүүдөн баш тартканын же Яндекс Pro-до көрсөтүлгөндөн көп сумманы төлөөгө доомат кылганын жактырбай айтышса, айдоочуга тарифке батынуу чектелиши мүмкүн.
Жүктөөнүн кандай чендери бар
Бир адам эң эле оор же чоң буюмду жаңгыз ташый албайт, ал эми айрым нерселерди экөөлөп да алып барууга кыйын. Ошондуктан жүктөөнүн чендери бар:
Бир жүк ташуучуга — салмагы 30 кг жана үч ченем суммасы боюнча 200 см ашпаган бир буюм. Ал велосипед, компьютердин олпок отургучу, эки даана шина, монитор, сүрөт же чырак.
Эки жүк ташуучуга — салмагы 60 кг жана үч ченем суммасы боюнча 300 см ашпаган бир буюм. Мисалы, орточо чоңдуктагы муздаткыч, диван, шкаф, үстөл, сыналгы, кир жуугуч машина, курулуш материалдары.
Жүк ташуучунун болуусу буйрутманын наркына кандай таасир кылат
Эгерде колдонуучу жүк ташуучунун кызматын тандаса, буйрутманын наркы жогору чыгат: жүк ташуучу бирөө болсо 1,5 эсе, 2 эсе алар экөө болсо.
Жүктөөлөр менен түшүрүүлөр кантип төлөнөт
Буйрутманын наркына А чекитинде жүктөө үчүн 10 мүнөт, жана Б чекитинде түшүрүү үчүн 10 мүнөт. Эгерде убакыт көбүрөөк кетсе, колдонуучу кошумча акча төлөйт. Жүк ташуучу менен буйрутмаларда кошумча убакыттын наркы 50% жогору.
Башка суроолор
Ташууга тыюу салынган нерселер
Сервисте курулуш таштандыны, айбанатты, курал менен баңги затты, акча жана зергер буюмдарын ташууга болбойт. Эгерде андай учурга кезиксеңиз, буйрутмадан баш тартып, колдоо кызматына билдириңиз.
Эгерде булар: сейфтер, машыктыргычтар, пианино, көөнө буюмдар, аквариумдар болсо, жеткирүүдөн да баш тартса болот.
Эгерде жүк ченден оорураак же чоңураак болсо, эмне кылуу керек
Кардар менен, жүк менен жардамдашууга даяр экенин сураңыз, же буйрутманы жаратмадан жокко чыгарыңыз.
Эгерде жүк зыян тартса, эмне кылуу керек
Жүк камсыздандырылган. Эгерде ага бирдеме болсо, фотого тартып, колдоого кайрылыңыз — ал, андан нары эмне кылыш керектигин айтып берет.