Инструкция: жогорулатылган тарифтерде айдоочунун профили үчүн сүрөткө кантип түшүш керек
Соңку жаңыртуулар
31 May 2023
Бул инструкцияны сизди сүрөткө түшүрө турган фотографка көрсөтүңүз
Фотосүрөттү акысыз тарттырса болот. Ал үчүн бул жерге иш күндөрү саат 10:00дөн 18:00гө чейин келиңиз:
Акматбек Сүйүнбаев көчөсү, 188, «Глобал Такси»
Түгөлбай Ата көчөсү, 69Б, «Биринчи Такси»
Горький көчөсү, ½, «Технопарк»
Дресс-код боюнча коюлган талаптарды унутпаңыз: сүрөттөгү тышкы келбетиңиз жана кийимиңиз тарифтин стандарттарына коюлган талапка ылайык болушу зарыл.
Фотосүрөт боз же ак фондо тартылат. Жарык жүзүңүз текши тийиш керек.
Фотосүрөттө дресс-код милдеттүү түрдө сакталат.
Фотодо көйнөктүн бардык топчулары, жакасындагы топчулары да топчуланат.
Фотосүрөттүн 80% айдоочу ээлеш керек. Фотосүрөттүн так ортосунда туруңуз, кадрды түз караңыз (жүз түз ракурс менен карайт, башты эңкейтпей, эч жакка бурбай түз кармаш керек).
Жүз беймарал, чыңалбайт, мимика табигый.
Көкүрөктөн өйдө сүрөт (бюст).
Сүрөттүн форматы: jpeg
Сүрөттүн өлчөмү: 1920×1080 пиксель
Ракурс: түз
Андан кийин сүрөттү телефонго кантип жүктөш керек?
Сизге jpeg файлды ылайыктуу жол менен салып жиберүүнү сураныңыз:
Каалаган мессенжер, мисалы WhatsApp, Telegram, Viber аркылуу кат түрүндө.
Компьютерден телефонго USB-кабель аркылуу.
Эл.почта аркылуу катка тиркеме түрүндө (эгер электрондук почтаңыз бар болсо).
Өзүңүздүн флеш-картаңызга, сиз андан өзүңүз сүрөттү компьютердин жардамы менен телефонго сала аласыз.
Сүрөт колуңузга тийгенде, сиз Яндекс Про профилине кирип, сүрөттү жүктөө белгисин басышыңыз гана керек болот. Яндекс Про сизге селфи-сүрөткө түшүүнү сунуш кылат. Экрандын сол жагында файлдардын арасынан даяр сүрөттү жүктөө үчүн баскыч болот. Ошону басып, сүрөттү жүктөңүз: