Айдоо мүнөзүнүн мониторинги
Соңку жаңыртуулар
21 Aug 2023
Айдоочуларды агрессивдүү айдоо мүнөзүнөн арылтуу үчүн биз кооптуу манёврларды байкап, көрсөтүп берген мониторинг системасын иштеп чыгып, өздөштүрдүк.
Бул кандайча иштейт?
Яндекс Про орнотулган смартфон же планшет сыяктуу түзмөктүн акселерометриндеги маалыматтарды талдап чыгат.
Эгер айдоочу өзүн жолдо одоно алып жүрсө — мисалы, ордунан зуулдап, өтө тез ылдамданса, же чукул токтоп, тык туруп калса, жол тилкелерин улам-улам которо берсе, аралыкты сактабаса — акселерометр коюлган эрежелер бузулуп жатканын байкап, системага каттайт.
Эгер мындай эреже бузуулар системалык түрдө улана берсе, мындай жоруктар сервис стандарттарын бузуу болуп саналат.
Эгерде система эреже бузууну каттаса эмне болот?
Айдоочуга бул маселе тууралуу билдирүү жөнөтүлөт — ага оңолууга мүмкүнчүлүгү берилет.
Эгер кырдаал жакшы жакка алмашса — анда эң сонун, эгер антпесе — буйрутмаларды бөлүштүрүүдөгү приоритет 1 баллга төмөндөтүлөт.
Эгер айдоочу жолдо өзүн одоно алып жүрүүнү уланта берсе, приоритет 3 баллга төмөндөтүлөт.
Дагы бир жолу ордунан атырылып айдаса, чукул токтосо же тилкелерди алмаштырса, приоритет 5 баллга төмөндөтүлөт. Эгер айдоо мүнөзү мындан ары да өзгөрбөсө, мониторинг системасы буйрутмалардын жеткиликтүүлүгүн 7 күнгө чектейт.
Мониторинг жүргүзүү системасы кийинки буйрутмаларда кооптуу кыймыл-аракеттерди каттоону токтоткондо, приоритеттин баллдары калыбына келтирилет.