Бардык сапарлар жол кырсыгына кабылуу учуруна камсыздандырылган.
Соңку жаңыртуулар
13 Apr 2023
Биз Яндекс Таксидеги сапарлардын баарын коопсузураак кылууга аракет кылуудабыз. Ал эми жолдо кокустук болуп кеткен учур үчүн жүргүнчүлөргө жана сизге акысыз камсыздандыруу иштейт.
Жол кырсыгы боюнча камсыздандыруу кантип иштейт
Камсыздандыруу акысыз жана автоматтык түрдө Кыргыз Республикасында Яндекс Go сервисинин жардамы менен буйрутулган бардык буйрутмалар үчүн иштейт. Айдоочунун жана жол кырсыгы болгон учурда салондо жайгашкан жүргүнчүлөрдүн баарынын ден-соолугу менен өмүрү камсыздандырылат. Автоунаага келтирилген зыяндын ордун камсыздандыруу толтурбайт.
Камсыздандыруу сиз «Жолдо» баскычын басканда иштеп баштайт, сапарды бүтүргөндө — «Аяктоо» баскычын басканда ишин токтотот. Эгер жүргүнчү сапардан баш тартса, камсыздандыруу иштебей калат. Өз иштериңиз менен бир жакка буйрутмасыз бара жатсаңыз, камсыздандыруу иштебейт.
Камсыздандыруу кенемтеси кандай учурларда төлөнбөйт
Айдоочу жол кыймыл эрежелерин одоно бузганда. Мисалы: кызыл түскө айдап өтүп кетти, каршы тилкеге чыкты, жол кырсыгы болгон жерден изин суутуп кетти.
Айдоочу буйрутманы Яндекс Gо колдонмосу же расмий сайты аркылуу албастан сапарды аткарып жатканда. Эгер сапар иш жүзүндө болуп, бирок жүргүнчү аны колдонмо аркылуу жокко чыгарып салса.
Камсыздандыруу компаниясы канча төлөйт
Максималдык камсыздандыруу төлөмү — 800 000 сом. Бирок соңку сумманы ар бир конкреттүү учурда камсыздандыруу компаниясы өзүнүн эрежелерине ылайык белгилейт. Төлөмдүн чоңдугу айдоочу жол кырсыгында кандай жараат алганына көз каранды.
Камсыздандыруу учуру боюнча төлөмдү кантип алыш керек
Жол кырсыгы болгон жерде
112 телефон номерине чалып, кырсык жөнүндө кабар бериңиз.
Медициналык тез жардам жана КР ЖКККББ кызматкерлеринин келишин күтүңүз.
КР ЖКККББ инспекторунан сиз кабылган жол кырсыгы качан жана кайда карала турганын билип алыңыз.
Инспектордон сиз жабыркаган киши катары белгиленген жол кырсыгы жөнүндө документти алыңыз.
Жол кырсыгынан кийин
Бизге Яндекс Go колдонмосуна же support.taxi@go.yandex.ru почтасына жазыңыз — биз сизге кеңеш-көмөк беребиз жана байланыш маалыматтарыңызды камсыздандыруу компаниясына жиберебиз.
Көпчүлүк учурларда кенемтени алуу үчүн төмөнкүлөр керек:
Тек-жайын билдирүүчү күбөлүктүн көчүрмөсү;
Камсыздандыруу кенемтесин төлөө жөнүндө арыз;
Медициналык карта же бейтаптын оору баянынан көчүрмө;
Сиз жабыркаган киши катары көрсөтүлгөн жол кырсыгы боюнча документ.
Документтердин так тизмесин камсыздандыруу компаниясынан билип алса болот.