Рейтинг
Соңку жаңыртуулар 17 Aug 2025
Ар бир сапар — сиз үчүн иштин көзүн билген, тажрыйбалуу, чыныгы кесипкөй адис экениңизди көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн түзөт.
Муну ачык түрдө өлчөп, ар бир жакшы сапарды көңүлсүз калтырбаш үчүн сапар аягында биз жүргүнчүдөн баа коюуну суранабыз. Соңку 150 баадан рейтинг түзүлөт — ал Яндекс Такси сервисиндеги сапаттуу тейлөөңүздү көрсөтөт.
Рейтингдин эсептелиши
Рейтинг соңку 150 баанын орточо мааниси катары эсептелет: баа канчалык «жаңыраак» болсо, анын салмагы ошончолук оорураак болот. Эгер бир нерсе болуп кетсе дагы, соңку бааңыз төмөн болсо, сиз аны көп сапар аткарып, жогорку баа алып оңдой аласыз.
Рейтингге байкоо салуу
Мында Яндекс Про жардам берет — рейтинг түшүп баштаса, сизге билдирүү келет.
Рейтингди өз профилиңизде көрө аласыз. Ага кирүү үчүн Яндекс Пронун башкы экранында виджетти — экрандын оң өйдөңкү бурчундагы баскычты басыңыз. Ошондо атыңыздын астында рейтингди көрөсүз.
Системага жаңы тутушканда үйрөнчүккө «беш» деген баадан 50 даана берилет. Алар 5ке барабар рейтингди түзөт.
Рейтинг жана сервистин жеткилиги
Рейтинг сервиске жеткиликти ачып берет: эгер анын көрсөткүчү 4,4төн 5ке чейин болсо — айдоочу буйрутма алат, 4,6дан төмөн болсо — буйрутмалар берилбей калышы мүмкүн.
Рейтингди калыбына келтирүү жөнүндө кененирээк — «Рейтингди жана жеткиликти кантип калыбына келтириш керек» блогунда окуңуз.