Айдоочулар үчүн сервиске жеткиликтүүлүк кандай иштейт
Соңку жаңыртуулар
20 Dec 2024
Коопсуздук — сервис үчүн негизги артчыкчылык. Биз дайыма ар бир сапарды айдоочулар жана жүргүнчүлөр үчүн коопсуз кылууга өбөлгө болгон чечимдерди өнүктүрүүгө инвестиция кылабыз. Азыркы тапта колдонуудагы бардык чаралар тууралуу коопсуздук жаатындагы саясаттан окуп же «Антология технологий Яндекс Такси» сериалынын атайын эпизодунан билүүгө болот.
Сапар коопсуз жана жагымдуу өтөрүнүн сыры, айдоочу менен жүргүнчү сервистин стандарттарын сактышында жатат. Жакында эле биз айдоочулардын сервис коопсуздук маселелеринде чечимдерди кандай кабыл алары тууралуу көбүрөөк кабардар болсун деп коопсуздук саясатын толуктадык. Бул макалада биз эми баары кандайча иштеп калганын айтып беребиз.
Эреже бузулганын кантип билүүгө болот
Эгер айдоочу сервистин эрежелерин бузса, ага бул тууралуу колдонмодогу билдирүү түрүндө кабар, чатта колдоо кызматынан кат же андан чалуу түшөт. Эреже бузуулар тууралуу эскертүүлөр айдоочуга Яндекс Про колдонмосундагы атайын бөлүмгө келет.
Айдоочу эмне болуп атканын, аны (мүмкүн болсо) кандай жоюуга болорун түшүнүшү үчүн, биз сөзсүз ага Яндекс Про колдонмосундагы атайын бөлүм аркылуу же колдоо кызматынан кат аркылуу билдиребиз.
Мисалы, айдоочу сөзсүз булардан кабардар болот:
этиятсыз айдоонун катталган эпизоддору бар экендиги тууралуу,
ылдамдык ашырылганы
колдонуучулар автоунаанын бузуктарын байкагандыгы тууралуу
салондогу жыт жана башкалар тууралуу.
Эгер бузулган эрежелер олуттуу болбосо жана биринчи жолу болуп атса, анда айдоочу эскертүү алат. Бирок, кайсыл гана эреже бузуу болбосун сервис аларды каттоого алат.
Эскертүүлөргө көңүл бурбай койсо эмне болот
Адатта, колдонмодо эскертүү берилип же колдоо кызматынан чалуу түшкөндө айдоочу жагдайды оңдоп, буйрутмаларды сервистин эрежелерин сактап аткарат. Бирок, эгер айдоочу сервистин коопсуздук стандарттарын такай буза берсе же биздин эскертүүлөрдү этибарга албаса, биз кошумча чараларды көрүүгө аргасыз болобуз — сервиске жеткиликтүүлүктү убактылуу чектөөлөр. Коопсуздук саясатынын толукталган версиясында мөөнөттөр так көрсөтүлдү, андыктан жоопкерчилик алдын ала белгилүү болуп, айдоочу абалды оңдоо үчүн канча убактысы бар экенин билип турат. Андан кийин ал сервисте калыбына келтирилип, анын стандарттарына ылайык иштей алат.
Чектөөлөрдүн болжолдуу мөөнөттөрү:
Кооптуу айдоо — 1–7 күн
Буйрутмалар менен иштөөнүн эрежелерин бузуу — 1–7 күн
Колдонуучулардан сапарда сервистин стандарттары бузулуп аткандыгы тууралуу байма-бай түшкөн эскертүүлөрү — 30 күн
Автоунаа буйрутмада көрсөтүлгөн унаадан айырмаланат — 30 күн
Жасалма документтерди колдонуу — 60 күн
Колдонмонун ишине кийлигишүү — 100 күнгө чейин
Буйрутмаларга жеткиликтүүлүк ачкан рейтингдин деңгээлинин төмөндөп кетиши 180 күнгө чейин
Аккаунтту үчүнчү тараптагы адамдарга берүү — 1 жыл
Чектөөлөрдүн түрлөрү тууралуу кененирээк бул макалада баяндалган.
Коопсуздук үчүн маанилүү өзгөчө учурларда — мисалы, зомбулук коркунучу же андан да олуттуу эрежелерди бузуу болгон учурда, айдоочуга сервиске узак мөөнөттүү чектөө коюлушу мүмкүн.
Сервистин чечимине макул эмес болгондо эмне кылуу керек
Айдоочу кызматтын чечимине каршы чыгууга мүмкүнчүлүгү бар. Бул үчүн ал чектөөнү кайра карап чыгуу үчүн кайрыла алат.