Биз стандарттардын аткарылышына кантип көз салып турабыз: көзмө-көз текшерүү
Соңку жаңыртуулар
6 May 2024
Көзмө-көз текшерүү — мында автоунаанын өзү жана анын документтерин иш жүзүндө өз көзүбүз менен текшеребиз.
«Бизнес» тарифинде көзмө-көз текшерүү милдеттүү түрдө өткөрүлөт — биз мындай текшерүүдөн өтүү үчүн жылына бир жолу чакырабыз. Эгер колдонуучулар автоунаанын абалына көбүрөөк арызданып башташса, биз автоунааны кошумча текшерүүгө жөнөтө алабыз.
Башка тарифтерде көзмө-көз текшерүүлөр милдеттүү эмес жана көп жүргүзүлбөйт — биз башка текшерүүлөрдүн жүрүшүндө кандайдыр бир маселелерди тапканда гана ушундай текшерүүлөргө чакырабыз. Мында сизде кемчиликтерди жоюуга жана буйрутмалардын жеткиликтүүлүгүн кайтарып алууга мүмкүнчүлүк болот.
Көзмө-көз текшерүүгө качан чакырылышы мүмкүн?
Эгр сиз жашырын сатып алуучунун текшерүүсүнөн, колдоо кызматы же фотокөзмөлдүн чыгарган чечиминен кийин сервистин колдонуучулары берген буйрутмаларды албай калсаңыз, биз сизди көзмө-көз текшерүүгө чакырабыз.
Көзмө-көз текшерүүдөн кантип өтүш керек?
Аралыктан өтүлүүчү текшерүүдөн өтпөй калышыңыздын себебин жана көзмө-көз текшерүүгө чакырууну Яндекс Продогу «Диагностика» бөлүмүндө тапса болот. Премиум-тарифтер үчүн жыл сайын өткөрүлүүчү текшерүүгө чакыруу колдонмонун түрмөгүндө болот.
Кемчиликтерди жоюп, көрсөтүлгөн убакта келиңиз. Адистерибиз баарын текшерип, баары жакшы болсо, сизге 24 сааттын ичинде буйрутмалардын жеткиликтүүлүгүн калыбына келтиришет.
Айдоочулук күбөлүктүн жана Транспорт каражатынын каттоо күбөлүгүнүн түпнускаларын ала келүүнү унутпаңыз.
Бишкектеги даректер
«Глобал Такси» таксопаркы, Акматбек Сүйүмбаев к-сү, 188 — иш күндөрү, 10:00–17:00
«Биринчи Такси» таксопаркы, Түгөлбай Ата к-сү, 69Б — иш күндөрү, 10:00–18:0000
«Технопарк» таксопаркы, Горький к-сү, ½ — иш күндөрү, 10:00–17:00
«Би-Такси» таксопаркы, Матросов к-сү, 50А — иш күндөрү, 9:00–18:00, түшкү тыныгуу — 13:00–14:00
«Альфа» таксопаркы, Токтоналиев к-сү, 104/1 (2-бөлмө)— дүйшөмбү-жума, 10:00–18:00