«Бизнес» тарифиндеги буйрутмаларга кантип жетсе болот
Соңку жаңыртуулар
8 Feb 2025
«Бизнес» тарифине жеткиликтүүлүк алуу үчүн сиз бир нече татаал эмес этаптардан өтүшүңүз керек. Төмөндөгү нускаманын талаптарын аткарып, SMS-билдирүүлөрдө келген маалыматка көңүл буруңуз.
1. Автоунааңыз буйрутмаларды аткаруу үчүн ылайыктуу болор-болбосун текшериңиз
Коюлган талаптардын баары автоунаалар классификаторунда берилген:
2. Сапат стандарттарын билип алыңыз
Дресс-код боюнча коюлган талаптарга кылдат мамиле кылыңыз. Сиз аларды күн сайын аткарышыңыз керек:
3. «Бизнес» тарифин Яндекс Продогу профилиңизде активдештириңиз
Тарифтин жанындагы которгучту оңго жылдырыңыз. Автоунааңыз тарифке ылайык келгенин ырастаңыз. Колдонмо сизге атайын курсту көрүп чыгууну сунуштайт.
4. Курсту көрүп чыгып, Яндекс Продо тест-сынагын тапшырыңыз
Курсту көрүүдөн мурун линиядан чыгууну унутпаңыз: эгер сиз буйрутмага же башка бир нерсеге алаксып кетсеңиз, курсту жаңыдан көрүүгө дуушар болосуз. Курстан кийин чакан тесттен өтүңүз.
5. Автоунааңызды көзмө-көз текшерүүдөн өткөрүңүз
Эгер маек ийгиликтүү өтсө, сизге автоунааны көзмө-көз текшерүүдөн өткөрүү үчүн SMS-чакыруу келет. Көрсөтүлгөн дарекке айтылган убакытта келиңиз.
6. Яндекс Продогу профиль үчүн сүрөткө түшүңүз
Бул сүрөттү колдонуучулар өз колдонмосунда көрүшөт. Ансыз буйрутмалардын жеткиликтүүлүгү чектелиши мүмкүн.
Бул нускаманы таксопарктын же фотоательенин кызматкерлерине көрсөтүүнү унутпаңыз: