Программа төмөнкүдөй иштейт
Последнее обновление
12 дек 2021
Канчалык көп буйрутма аткарсаңыз, ошончолук кызматты өнүктүрүүгө кошкон салымыңыз жогоруу болот, демек сиз көбүрөөк пайда көрөсүз: Буйрутманы кабыл алуу экранында пункт В көрүнүктүү баштап маанилүү колдоого чейин пайда көрөсүз.
Нажмите сюда, чтобы прочитать эту статью на русском.
Бул кандай иштейт?
Программада төрт деңгээл бар — Коло, Күмүш, Алтын жана Платина. Коло — бул баштапкы деңгээл, аны оңой алса болот, бирок анда азырынча артыкчылыктар жок. Башка деңгээлдер сыйлык жана дем берүүчү топтомдорго жол ачат. Күмүш деңгээлин алуу кыйын эмес, ал эми Платинаны алыш үчүн аптасына орточо эсеп менен 40 саат буйрутмаларды аткарып, жүргүнчүлөрдүн сапарга ыраазы болушуна көңүл салып туруу керек.
Деңгээлди алыш үчүн аткарылган сапарлардан балл топтоп, жогорку рейтингди сактап иштеш керек. Баллдар бир ай бою топтолот, ал эми кийинки айдын биринчи күнүндө сизге деңгээл ыйгарылат. Деңгээлиңиздин артыкчылыктары так бир ай бою, баллдардын кийинки эсептелишине чейин иштейт. Сиз Яндекс Продо деңгээлиңиз кандай экенин, кийинки деңгээлге чейин канча калганын каалаган убакта көрө аласыз.
Ар бир деңгээл үчүн канча балл топтош керек?
Коло — 300 балл,
Күмүш — 3000 балл,
Алтын — 8000 балл,
Платина — 10000 балл.
Рейтинг дагы маанилүү: ал Алтын үчүн 4,8ден, Платина үчүн 4,9дан кем болбошу керек.
Мисалы: Сиз июлда 3015 балл топтодуңуз. Бул Күмүш деңгээлин алуу үчүн жетиштүү. Ошондуктан, сизде 1-августтан тарта Күмүш деңгээлинин артыкчылыктары болот, ал эми балл эсептегичи нөлгө түшөт жана сиз кийинки айдын артыкчылыктары үчүн кайрадан балл топтоп баштайсыз.
Бишкекте бир сапар канча балл берет?
«Эконом» — 27
«Комфорт» — 36
«Комфорт+», «Минивэн» — 46
Ошто бир сапар канча балл берет?
«Эконом» — 27
Деңгээлдер кандай артыкчылыктарды берет?
Деңгээлдин жогорулашы менен сиз улам көп артыкчылыктарды ачасыз. Алардын бир бөлүгү, мисалы приоритет, сизге өз графигиңизди ийкемдүү башкарганга жардам берет, калган бөлүгү сервиске карата пайда болгон маселелерди тезирээк чечүүгө мүмкүндүк берет. Ар бир жаңы деңгээлге жеткен сайын, артыкчылыктар бири-бирине кошула берет.
Ар бир деңгээлде кандай артыкчылыктар бар экени тууралуу «Артыкчылыктар программасынын бардык үстөмдүктөрү» макаласында окуңуз: